КАО улуттук бөлүктөрүндө ɵз ыктыяры менен кызмат өтөөгɵ каалоосун билдиришкен кыргыздардын жеке тизмеси. 1-январь 1926-ж.

КР БМ КСДА Ф.10., 2-тиз., 75- көкт., 1,1ар.-б.

ББАК Президиумунун алдындагы КАОнун Өкүлчүлүгүнүн жогорку мыйзам чыгаруу мекемелериндеги иштерди алдыга жылдыруу боюнча маалыматы. 12-январь, 1926-ж.

КР БМА Ф.1247, 1-тиз., 52-көкт., 202-203-б.

1926-ж. 5-апрелиндеги Пишпек шаарынын аталышын Фрунзе шаарына өзгөртүү жөнүндө жумушчу жана дыйкан депутаттарынын кеңештеринин Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун отурумунун № 48 протоколунан көчүрмө.

КР БМ КФФДА № 2-3195.

РКЖС КАО обкомунун алдындагы үгүт кызматкерлеринин 1-кеңешмесинин катышуучуларынын тобу. 1926-ж.

КР БМ КФФДА № 5-63.

Кыргыз Автономиялуу облусунун аймактык башкармалыгына демобилизацияланган Кызыл Армиянын жоокерлерин узатуу. 1926-ж.

КР БМ КФФДВ № 0-28802.

Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу комитетинин 3-сессиясынын Кыргыз автономиялуу облусун Кыргыз автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасына айландыруу жөнүндө токтомунун тексти. 1926-ж.

КР БМ КФФДА № 2-3481.

Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин өкмөттүк комиссиясынын мүчөлөрү III сессияда КАОну КыргызАССРне айландыруу жөнүндө резолюция түзүү учурунда. Сүрөттө: (оңдон солго отурушат) облустук Аткаруу комитетинин төрагасы А. Орозбеков (4-чү), обкомдун жооптуу катчысы Д. Садаев (5-чи). Турушат: РСФСРдин Эл комиссарлар советинин төрагасынын орун басары Т.Рыскулов (1-чи), облустук Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Ю. Абдрахманов (2-чи), Кыргызстанда совет бийлигин орнотууга активдүү катышкан Т.Токбаев (4-чү), РСФСРдин Айыл чарба эл комиссариаты коллегиясынын мүчөсү М.Лацис (8-чи), Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин секретариатынын башчысы Г.Клингер (9-чу), облисполкомдун төрагасынын орун басары И.Фатьянов (10-чу) жана башкалар. 1926-ж.

КР БМ КФФДА № 0-34294.

КАО кредиттик союзунун ыйгарым укуктуу экинчи жыйыны. Жыйындын катышуучуларынын тобу. Фрунзе ш., 1927-ж.

КР БМ КФФДА № 6-155.