"Эркин-Тоо" гезити. Фрунзе ш., 1924-ж.

КР БМ КФФДА № 0-35731.

1925-жылы педагогикалык техникумдун алдында уюштурулган "Кызыл-Учкун" адабий ийриминин катышуучулары. Отурушат (солдон оңго): Кыргыз драматургу, адабиятчы Т.Байжиев, А.Түмөнбаева (Карасаева), Мискина-Алиева, К.Маликов. 2-катар солдон: М.Кырбаев, Ж.Жамгырчинов, М.Элебаев, С.Сасыкбаев, М.Абдумомунов. 3-катар: Б.Бейшеев, О.Жакишев, К.Жантөшев, Ы.Байталиев.

КР БМ КФФДА № 0-40749.

"Манас" эпосунун басылмасы. Китептин мукабасы араб тилинде. 1925-ж.

КР БМ КФФДА № 0-59267.

"Кара-Кыргыздагы мекемелердин иш кагаздарын жергиликтүү тилге өткөрүү боюнча Комиссияны уюштуруу, ж.б. жөнүндө" РСФСРдин Кара-Кыргыз Автоном облусунун Революциялык Комитетинин Президиумунун отурумунун 1925-жылдын 18-февралындагы № 39 протоколу.

КР БМА Ф.1247, 1-тиз., 19-көкт., 107арты-109б.

Басма сөз бөлүмүнүн орун басары Телегендин, Кара-Кыргыз областтык комитетине Кыргызстанда орус тилинде газеталарды чыгаруу маселелери боюнча каты. 5-март 1925- ж.

БМА КР Ф.1247, 1-тиз., 9-көкт., 22-б.

"Мектеп имараттарын оңдоо, ж. б. жөнүндө" РСФСРдин Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун Революциялык Комитетинин Президиумунун 1925-жылдын 21-мартындагы отурумунун № 53 протоколу.

КР БМА Ф.1247, 1-тиз., 19-көкт., 173-174арты-б.

"Кара-кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүүнү киргизүү жөнүндө" РСФСРдин Кара-Кыргыз Автоном облусунун Революциялык Комитетинин токтому, 29-апрель 1925-ж.

КР БМА Ф.20, 1-тиз., 50-көкт., 32-б.

“Аймактык Башкармалыкка имарат берүү жөнүндө” РСФСРдин Кара-Кыргыз Автоном облусунун Аткаруу Комитетинин Президиумунун отурумунун № 50 протоколу. 31-август 1925-ж.

КР БМА Ф.20, 1-тиз., 37-көкт., 97к-б.

Пржевальск шаарынын пристанындагы машыгуудагы биринчи Кызыл Армиянын отряды. Пржевальск ш., 1925-ж.

КР БМ КФФДА № 0-30598.

Пишпек шаарындагы 1925-жылдын 8-мартындагы митинг. Азыркы Киров жана Дзержинский көчөлөрүнүн кесилиши.

КР БМ КФФДА № 0-45673.