КР Президентинин 2023 -жылдын 24-октябрындагы № 270 “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгы.
Быйыл биз Кыргызстандын Кара-Кыргыз автономиялуу облусу катары түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын – бир кезде жоголгон кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жанданышын белгилеп жатабыз. Анын кайра жаралуу жолу курч саясий күрөш менен коштолуп, узак жана татаал болгон.
“Бүгүнкү мамлекетибиз байыркы мезгилден бери кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап жана коргоп келген улуу ата-бабаларыбыздын акылмандыгынын жана баатырдыгынын жемиши болгон. Өзүнүн узак тарыхый жолунда Кыргыз мамлекети бирде күч алып, бирде чачылып, ошону менен бирге Борбордук Азияда өзүнүн татыктуу ордун жоготкон эмес.” – деп Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 270 “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгында айтылат.
1920-жылдардын башынан тартып кыргыздын чыгаан ишмерлеринин тобу советтик түзүмдөрдүн алкагында кыргыздарга өз алдынчалыгын берүү боюнча иштерди жүргүзүп келишкен.
1924-жылдын январында Түркстан АССР Советтеринин XII съездинин кыргыз делегаттары СССР БАКтын Улуттар советине жана ОКП(б)га Түркстан өкмөтү кара кыргыз элинин өзгөчөлүктөрүн, кызыкчылыктарын эске албаганын билдирген жана Коммунисттик партиядан кыргыз элин башка улуттар менен тең укуктуу өз алдынча улут деп таанууну талаптаган катты жөнөтүшкөн.
1924-жылдын 16-сентябрында Түркстан АССР БАКтын кезексиз сессиясы Орто Азияны улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүү жөнүндө токтом кабыл алган. Документте: “... Кара-кыргыз элинин жумушчуларынын жана дехкан массаларынын бүткүл эркин аткаруу максатында кара-кыргыз элине ТАССРдин курамынан чыгып, ОСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү укугу берилсин” деп жазылган.
1924-жылдын 14-октябрында Бүткүл орусиялык борбордук аткаруу комитетинин 2-сессиясы, ошол эле жылдын 27-октябрында СССР БАК сессиясы Орто Азияны улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүү жөнүндө чечимди мыйзамдаштырган. Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 195 740 чарчы км аянтында жана 63,5 %ын кыргыздар түзгөн 737 миң калкында ОСФСРдин курамында түзүлгөн.
Чыгаандарыбыздын мээнети – 1924-жылы алынган мамлекеттүүлүк Түркстан АССРинин айрым облустары боюнча ажыраган кыргыз жерлери менен кыргыздын өзүн бир бүтүнгө бириктирди. Жаңы мамлекеттик түзүлүшкө бириккен аймактардын тезирээк өнүгүүшү, эне тилди сактап, мамлекеттик башкарууда колдонуу жана автономиялуу республикага айлануу үчүн өбөлгө түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы 2023-жылдан баштап өз демилгеси менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча көп иш кылды. Тарыхый маалымдамалар жана маалымат материалдары даярдалып, архив документтеринин көчүрмөлөрү берилди. Сайттарга жайгаштыруу үчүн тематикалык тандамалар жөнөтүлдү. ЖМКларда макалалар жарыяланып, телеберүүлөр даярдалды. Мамлекеттик архивдердин окуу залдарында бул тема боюнча 200дөн ашык колдонуучу иш алып барган.
КР БМА, КР БМ КФФДА жана КР БМ КСДАнын “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы” аттуу биргелешкен виртуалдык көргөзмөсү кыргыз мамлекеттүүлүгүнө карай жолду, анын алгачкы кадамдарын чагылдыруучу 1907-1950-жылдардагы 300дөн ашуун документтерди жана башка материалдарды тартуулайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 626-б тескемеси менен бекитилген Чет өлкөлөрдүн архивдеринен, музейлеринен жана китепканаларынан кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө документтер менен материалдарды табуу жана чогултуу боюнча 2015-2025-жылдарга карата программанын алкагында Орусиянын мамлекеттик кинофотодокументтер архивинен 15 фотодокументтин, Орусиянын мамлекеттик социалдык-саясий тарых архивинен 4 документтин, Казакстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинен 1 документтин көчүрмөсү алып келинип, көргөзмөдө биринчи жолу жарыяланып жатат.
Мындан ары Архив кызматы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Кыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик Республикасына кайра түзүлгөндүгүнүн 2026-жылдын февралында белгилене турган 100 жылдыгына карата даярданууну пландаштырууда.
Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
Архив кызматынын төрагасы
М.А. Алыбаева